Menu

Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан: Президент Сооронбай Жээнбековдун визити эки тараптуу кызматташууну жаңы мазмун менен толуктайт

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун визити өзгөчө болуп саналат, ал эки тараптуу кызматташууну жаңы мазмун менен толуктарына мен бекем ишенем», — деп белгиледи Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу айтып жатып.

Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда көптөгөн маанилүү макулдашууларга кол коюлганын баса белгилеп, мурда эки өлкө ортосундагы байланыштарга талаптагыдай көңүл бурулбаганын билдирди.

Тактап айтканда, кыргыз-венгер биргелешкен ишканаларын дагы каржылоого багытталган Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондусу уюштурулууда.

«Президент Сооронбай Жээнбеков менен эгерде фондго бөлүнө турган 50 млн АКШ доллары акча каражаты сарпталып бүтсө, фонддун каржылоосун кошумча көбөйтөбүз деп макулдаштык», — деп баса белгиледи Виктор Орбан.

Мындан сырткары, Виктор Орбан тараптар эки элди жакындаштыруунун маанилүү фактору болуп кала турган Бишкек-Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашкандыгын белгиледи.

«Эгерде байланыштарыбыздын жана достугубуздун туруктуу болушун кааласак, анда биз түз аба каттамын ачуубуз зарыл. Будапешт менен Бишкектин ортосунда сөзсүз түрдө аба каттамы болушу керектигин макулдаштык.

Биз юридикалык жана каржылык шарттарды түзөбүз. Каттамдар жакынкы мезгилде ачыларына үмүт кылабыз», — деп айтты Премьер-министр.

Ошондой эле кыргызстандык студенттердин квотасын 75 орундан 150 орунга көбөйтүү тууралуу келишимге жетишилди.

«Биз эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү келечектеги жаштардын колундагы иш деп эсептейбиз жана бул маселеге абдан чоң көңүл бурабыз», — деп баса белгиледи Виктор Орбан.

Венгрия Премьер-министри кыргыз маданияты менен жакшы тааныш экенин кошумчалап, дүйнөлүк маданий кенчке салым кошкондугу үчүн Кыргызстанга сый-урмат көрсөтөрүн билдирди.

«Бала кезибизде жана өспүрүм курагыбызда „Биринчи мугалим“, „Гүлсарат“ сыяктуу кыргыз чыгармаларын көп окудук. Совет мезгилинде кыргыз жазуучуларынын көптөгөн чыгармалары венгер тилине которулган, биздин муун Кыргызстандын маданияты менен жакындан тааныш. Ошондой эле Кыргызстанда венгерлер менен кыргыздарды бир эл катары эсептешерине кубанычтабыз», — деп баса белгиледи Виктор Орбан.

Ал Президент Сооронбай Жээнбековдун расмий визити үстүбүздөгү жылдын апрель айында күтүлгөнүн, бирок коронавирус пандемиясы бул жагдайга таасирин тийгизгенин эске салды.

«Пандемияга карабастан, дипломатиялык байланыштар улантылышы керек. Сиздин визитиңиз үчүн рахмат айтам», — деп ыраазычылыгын билдирди Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан Президент Сооронбай Жээнбековго.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: