Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Президенти Янош Адер менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-сентябрда Венгрияга расмий визитинин алкагында Венгриянын Президенти Янош Адер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды.

Ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана экологияны коргоо боюнча пикир алышуу болду.

Венгрия Президенти Янош Адер Президент Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын Премьер-министринин жемиштүү сүйлөшүүлөрү өлкөлөрдүн өз ара байланыштарын өнүктүрүүгө сөзсүз дем берерин белгиледи.

Ал ошондой эле, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселеси мөңгүлөрдүн эриши жана заманбап глобалдык чакырыктарды эске алуу менен актуалдуу болуп каларын баса белгиледи.

Буга байланыштуу Янош Адер келечекте дүйнө өлкөлөрүнүн күн тартибинде суу пайдалануу маселеси  кыйла артыкчылыктуу болоруна көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Президентин эки тараптуу кызматташтыктын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканы менен куттуктады.

Ал жогорку деңгээлдеги туруктуу сүйлөшүүлөр мындан ары көп тараптуу жана  кыргыз-венгер кызматташтыгын активдүү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле, Кыргызстан экологиялык маселелерге өзгөчө маани берерин, ата мекендик айыл чарба продукциялары экологиялык таза экендигин, мунун эсебинен продукция чет элдик рынокто ийгиликтүү атаандаш боло аларын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул багытта өз ара кызматташууга даярдыгын билдирди жана Венгрия Президенти Янош Адерди Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкөнүн бакубаттыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн активдүү байланыштарды улантуу зарылдыгын белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: