Menu

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова Райымбек Матраимов менен эмне себептен жолуккандыгын айтты

Бөлүшүү:

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова Фейсбуктагы жеке баракчасында түз эфир өткөрүп, анда келип түшкөн суроолорго жооп берип жатып, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен эмне себептен жолуккандыгын айтты.

Буга чейин КТРКда дебат учурунда ал өткөн жылдын октябрь айында Матраимов менен жолукканын айтып, бирок толук маалымат берген эмес.

Эми ал Матраимов менен журналист Элнура Алканова аркылуу маектешүү үчүн жолукканын айтты. Анын айтымында, алгач ал аңгемелешүүгө макул болуп, бирок кийин ал оюнан кайткан. Ошондой эле ал Матраимов шайлоого чогуу катышууну сунуш кылгандыгын айтты.

«Мен ал жөнүндө көп маалымат бар экендигин айттым, жана ал жөнүндө иликтөөлөр дагы болду. Мындан кийин кантип шайлоого катышасыңар дедим. Ал “тазамын” деп жооп кайтарды. Жолугушуунун аягында мен эмне үчүн ал өзүнүн таза экендигин элге далилдеген жок деп сурадым? Жолугушуу ошол жерде аяктады», – деди Сооронкулова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: