Эки күн ичинде облус боюнча 1036 ишкана, майрамдык салтанаттар өткөрүлгөн үйлөр текшерилди. Тартип бузгандарга 193 миң сом айып салынган. Анын ичинен той өткөрүлгөн 11 жеке менчик үйлөргө, ар бир ээсине мыйзам бузуулар жөнүндө Кодекстин 293-беренесине ылайык протокол түзүлдү.
Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарындагы Таштемир Ажы базарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн КР Жоруктар кодексинин 127-1-беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ