Белгисиз адамдар Гапар Айтиевдин мемориалдык тактасын кара боёк менен боеп салышкан. Социалдык тармактарда карарган тактанын сүрөтү пайда болду. Адамдар боёкту аарчыйм деп аракет кылып, бирок ал ташка сиңип кетти деп нааразы болушту.
Бирок, бүгүн, 30-сентябрда “Тазалык” муниципиалдык ишканасы тактайды тазалоого келгенде, бишкектиктер боёкту дээрлик толугу менен тазалап үлгүрүштү.
“Кичинекей такты жана сызыктарды тазаладык” – деди «Тазалык» муниципиалдык ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева.
“Баары бир Бишкекте боорукер адамдар көп. Жок дегенде мен ага ишенгим келет. Кеңештериңиз үчүн ар бириңиздерге рахмат”, – деп жазган Каракеева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ