Menu

Волгоградда топтолгон мигранттар Өзбекстанга поезд менен жеткирилди

Бөлүшүү:

29-сентябрда Волгоград облусунун Волжский шаарында топтолгон 800дөй өзбекстандык мигрант Ташкентке поезд менен жеткирилди.

Волжский – Ташкент багыты боюнча кийинки каттам 1-октябрга белгиленди.

Өзбекстанга келе албай жаткан мигранттар Волгоград облусундагы мусулмандардын маданий-агартуу борборуна жайгаштырылган.

“Ушул тапта Волжский шаарындагы мусулмандардын маданий-агартуу борборунда өзбекстандык эки жаран калды. Шаар бийлиги, кайрымдуулук уюмдары жана жөн гана кайдыгер эмес кишилер тамак-аштан жардам беришти. Борбор керебеттер жана матрастар менен камсыздалган. Андыктан биз мекенине кайтууну каалаган жаңы кишилерди кабыл алууга даярбыз. Алардын саны жана качан келери эртең белгилүү болот”, – деди Волгоград облусунун муфтийи Абдулла ажы.

25-сентябрда Ташкентке поезд менен 900дөн ашык киши кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: