Menu

Видео – Россияда кыргызстандыктан 1,2 млн рубль пара алган судья кармалды

Бөлүшүү:

Красноярск шаарында баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу айыпталып жаткан кыргызстандыктын бир тууганынан пара алган судья кармалды. Бул тууралуу “Красноярск онлайн” порталы жазып чыкты.

Алардын маалыматы боюнча, Красноярск шаарынын Совет райондук сотунун төрагасынын отставкадагы орун басары Сергей Тупекого карата кылмыш иши козголду. Мурунку сот пара алган деп шектелүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2019-жылдын февраль айында Сергей Тупеко баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө аракет кылган адамга байланыштуу кылмыш ишин карап жаткан. Айыпталуучунун бир тууганы судьяга ортомчу аркылуу 1 миллион 200 миң рубль өлчөмүндө пара берген.

Мыйзамсыз акчалай сыйлык үчүн судья жеңилирээк жаза колдонууга убада берди. Сергей Тупеко ошондой эле соттолгон адамды кыргыз жараны болгондуктан жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргызстанга которуу жөнүндө чечим кабыл алууга көмөктөшүүнү сунуштаган.

Россиянын ФСБсынын кызматкерлери Сергей Тупекону жана ортомчуну акча которгондон кийин кармашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: