Menu

Видео – Атамекенчи Жанар Акаев социал-демократ Темирлан Султанбековдун эң жөнөкөй суроолоруна жооп бере албай койду

Бөлүшүү:

Мурдагы күнү, 28-сентябрда, Коомдук телеканалда шайлоого катышкан 5 партиянын жетекчилери ортосунда дебат болду. Мурда жаштар канаттары жана башкалар катышып келген. Дебатты Светлана Акматалиева менен Алмаз Касымалиев алып барды. «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров коррупция маселесине токтолуп, 7-кабатты да сындап өттү.

«Карапайым эл түшүнүш керек – коррупция менен паракорчулуктун айырмасы бар деп. Коррупция менен ошол атка минерлер иштейт, паракорчулук менен – айлыгы жетпегендер, ошолор иштейт. Мына, бүгүнкү күндө криминал 7-кабатта отурса, эртеңки күндө кармалып келген, мисалы, биздин тартип коргоо кызматкерлери алып келип, отургузса, өйдө жактан телефон чалып, аны чыгарып атса, мыйзамдын иштебегени да».

Коррупция темасын «РЕформа» партиясынын жетекчиси Клара Сооронкулова да улантып, Бишкекте «Даймонд-сити» деген турак жай комплекси курулуп бүткөндөн кийин, ал рейдерлик жол менен тартып алынганына токтолду. Сооронкулова аны айткан жок, бирок бул рейдерликке президенттик аппараттын бөлүм башчысы Манас Арабаев менен ошол кездеги президенттин жубайы Раиса Атамбаева да катышканы белгилүү.

«Мен «Даймонд-сити» деген турак жай комплексин мисалга келтирейин. Аны кытай инвестору курган жана кийин рейдерлик жол менен тартып алынган. Ал ишке бир топ жогорку кызматтагы адам менен азыр да иштеп жаткан 8 сот катышкан. Ушундай иштер болуп жатканда, кайсы чет өлкөлүк инвесторго биз коопсуздук менен мыйзамдуулукту кепилдей алабыз? Кыргызстанга кайсы ивестор келмек эле, эгер шайлоодо жеңип, өлкөнү башкарам деген партиянын шайлоо тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жүрсө?» – деди Сооронкулова.

«Социал-демократтар» партиясынын төрагасынын орун басары Темирлан Султанбеков менен «Ата-Мекен» партиясынын тизмесинде биринчи орунга ээ болгон Жанар Акаев ар бири өз партиясын мактап, өлкөдөгү абалды биз гана өзгөртө алабыз дегенге чейин барды. Алардын экөөнүн тең айтымында, бардыгына азыркы бийлик күнөөлүү, анткенин алар эч нерсени түшүнбөйт жана алардын колунан эч нерсе келбейт.

«Өзгөрүү үчүн бир кана каалоо жетишсиз. Саясий бекем эрки бар, идеологиясы так, программасы анык жана курамы күчтүү команда керек. Мына ушундай күчтүү команданы бүгүн «Ата-Мекен» партиясы бир муштумдай бириктире алды… Бийлик күч менен паспортторду чогултуп, зордук менен шайлоону утабыз деп турат. Олигархтар болсо бүтүндөй кыргыз элин сатып алам деп манчыркап турган учур. Бийликтен коркпогула», – деп билдирди Жанар Акаев.

Дебат учурунда айтышуулар да болуп кетип жатты. Мисалга, Жанар Акаев – «Ата-Мекен» менен «Социал-демократтар» партиялары өнөк деп билдиргенине карабай, Султанбеков ага партиялык идеология жана идеология тарыхы тууралуу теориялык суроолорду бергенде, Акаев аларга жооп бере албастан, мындай маселелер аны эч кызыктырбаганын көрсөттү.

Темирлан Султанбеков: Сиз Либерал-демократиялык партияны түзгөнсүз. Ошол либерал-демократиялык теориянын автору ким? Анан азыркы XXI-кылымда аны жаңылаган автор ким?

Жанар Акаев: Автору жөнүндө мен сизге айта албайм.

Султанбеков: Билбейсиз, ээ? Акаев: Айта албайм.

Султанбеков: А-а, рахмат, билбейт турбайсызбы. Анда сиз эмнеге, сиз социалисттик партия менен баштадыңыз эле, социализм идеологиясын ким жазды эле?

Акаев: Социализмдин идеологиясын мен сизге айта албайм, анткени сиз «Гуглда» бизге суроо даярдап отурган учурда биз региондордо иштеп жүрдүк.

Султанбеков: Мен региондон келдим жаңы эле, мен Кара-Кулжадан, Оштон келдим.

Бир кезде Алмазбек Атамбаевди көзүнө жаш алып коргогон Султанбеков Клара Сооронкуловага дагы, Мирлан Бакировго да тийишип, «Мекеним Кыргызстан» партиясын «уурулар партиясы» деп атады. Теорияны жакшы көргөн жигит – ушундай уурулук жана бандиттик тартипти Кыргызстанда анын сүймөнчүгү Атамбаев түзүп, азыркы олигархтарды да ошол өстүргөнүн же билбейт, же аны жашырып, ошол эле күнөөнү башкаларга коёт.

Темирлан Султанбеков: Мен Мирлан-мырзага суроо берейин дедим эле. Уурулар партиясынан баратканыңарга шайлоого уяласыңарбы эл астында, балдарыңар астында? Же уялбайсыңарбы?

Мирлан Бакиров: Биринчиден, уурулар бүгүн түрмөдө отурат. Ошол түптөгөн схеманы, системаны түптөгөн уурулар. Ал ошол кыргызга кыянаттык кылып, бир миллиард 800 миллион доллар алып, анын эсебинен үчтөн бирин оңго-солго бурмалап, эл түшүнбөгөн методдорду сунуш кылып». Уурулар башка ууруларды күнөөлөгөн заманга жеттик. Кеп ошондо.

Булак: “5 канал”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: