Menu

Жалал-Абадда Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы шайлоочулардын добушун сатып алууга аралашкан деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 87-1-берене (“Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча иш катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бул окуя интернетте видео пайда болгондон кийин катталып, анда Аксы райондук Жол эксплуатациялоо башкармалыгынын башчысы А.М. жана Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси М.С. түнкүсүн “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкерди колдоо үчүн, кызматтык унаа менен шайлоочулардан добуш сатып алуу менен алектенген.

Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев журналисттерге билдиргендей, аппарат жетекчиси ишин улантып жатат жана бул маселе боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

“Ал жакка үй-бүлөлүк байланыштар боюнча барганын айтты. Укук коргоо органдары териштирип жатат”, – деди аким.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы бул кырдаал боюнча азырынча комментарий бере элек.

4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: