Menu

Ташкент облусунда динчил окуучулар менен ата-энелердин тизмелери түзүлүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Ташкент облусуна караштуу Ташкент районундагы мугалимдер хижаб кийген, жума намаздарга барган окуучулардын жана алардын ата-энелеринин тизмесин түзүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун өзбек кызматы билдирди.

Тизмеде динчил окуучунун жана ата-энесинин аты-жөнү, жашаган жери, ошондой эле ата-энесинин иштеген жери жазылышы керек. Мындан тышкары ата-энеси чет өлкөдө жүргөн же экстремисттик агымдарды жактырган окуучулар өзүнчө пункта көрсөтүлүшү шарт.

Райондогу №12 мектептин аты-жөнүн айткысы келбеген мугалими тизме окуучулар менен ата-энелерден жашыруун түзүлүп жатканын, аны райондук акимчиликке 2-октябрга чейин тапшыруу керектигин билдирди.

Ал ортодо бул жашыруун тизме тууралуу билип калган ата-энелер нааразы болуп, муну диний ишеним боюнча куугунтуктоо катары кабыл алышууда.

– Алардын максаты кандай? Окуучуларды диний ишеними боюнча куугунтуктагылары келип жатабы? «Дин тутуу эркиндиги тууралуу» мыйзам кайда калды?», — деп нааразылыгын билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Бирок бийлик окуучулардын түрдүү маалыматтарын камтыган тизмелерди түзүүнүн эч жаман жагы жок экенин билдирүүдө.

– Бул ата-энелерди тынчсыздандырбашы керек. Тизме окуучулардын хижабы же жума намазга баруусун билүү үчүн гана түзүлүп жаткан жок. Тизме окуучу социалдык коргоого муктажбы-жокпу, үй-бүлө аз камсыз болгон-болбогонбу деген суроолорго жооп алуу үчүн түзүлүүдө. Биз мектеп, маале жана ата-энелер биргеликте балдарды тарбиялоону натыйжалуу көзөмөлдөөнү каалайбыз. Мындан тышкары жаштардын мыйзамсыз диний-экстремисттик уюмдарга кошулуп кетүүсүнүн алдын алууну көздөп жатабыз, – деди райондук акимчиликтин өкүлү.

Буга чейин окуучулардын жана алардын ата-энелеринин жеке маалыматтарын камтыган жашыруун тизмелер Өзбекстандын башка аймактарында да түзүлүп жатканы кабарланган. RFE/RL радиосунун өзбек кызматы президент Шавкат Мирзиёев 2019-жылы сентябрда кол койгон жашыруун токтомдун көчүрмөсүн жарыялаган. Анда динге ишенген жарандардын жаңы тизмелерин түзүү зарылдыгы белгиленген.

Өзбекстанда коомдук жайларда, анын ичинде мектептер менен жогорку окуу жайларда хижаб кийүүгө тыюу салынган. Эки жыл мурда өлкөдөгү бардык мектептерге бирдиктүү форма киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: