Menu

Жалал-Абадда карылар күнүнө карата сый тамак уюштурулду

Бөлүшүү:

Бүгүн 1-октябрь эл аралык карылар күнү. Бул датага карата жана улууларга урмат көрсөтүп, алардын ак батасын алуу үчүн Жалал-Абад ШИИБдин өздүк курамы ИИОнун ардагерлерине сый тамак уюштурушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дасторкон үстүндө ардагерлер менен жаш кызматкерлердин баарлашуусу орун алып, жаштарга акыл-насааттарын айтышкан.

“Шаардык милиция тарабынан уюштурулган сый тамакка ардагерлер ыраазы болушуп, мындай жагымдуу көрүнүштөрдү кийинки муундан көргүлө деп алкыш айтышты. Ошондой эле, Ички иштер органдарынын ардагерлери тегерек стол четинде кызмат учурунда өткөргөн күндөрүн, эсте калган окуяларын эскеришти. Соңунда улуулар жаш кызматкерлердин иштерине ийгилик каалашып, өлкөбүздө дайыма тынчтык болуусун тилешип, амандыкта жолугууну ниет кылып тарап кетишти”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: