Menu

Бишкекте мугалим эки партияга үгүт иштерин жүргүзүп жатат деген маалымат боюнча тергөө башталды

Бөлүшүү:

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна эки партиянын үгүт иштерин жүргүзүп жаткан университеттин окутуучусу жөнүндө маалымат келип түштү. Бул тууралуу БШК билдирет.

Такталгандай, координациялык топтун мүчөлөрүнө WhatsApp мессенджери аркылуу 6-кичи райондун тургуну К.Эрназаровадан билдирүү келген. Ал университеттин мугалими, борбор калаадагы 6-кичирайондо жашаган Гүлкайыр аттуу аял тургундар арасында үгүт иштерин активдүү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, ал “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын колдоочуларынын тизмесине кол коюуну суранып, партия өз каражатынын эсебинен үйдө оңдоо иштерин жүргүзүп, жашоочулардын жашоо шартын жакшыртат деп убада кылууда.

Эгерде жашоочулар андан бири баш тартса, анда ал “Кыргызстан” партиясы үйдүн аймагына видеобайкоочу камераларды акысыз орнотууга даяр экенин айтып, үгүт иштерин баштайт.

Арыз ээси ушул жол менен аталган партиялар шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылып жатышат деп белгилейт.

Маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлүп, тергөө иштери башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: