Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Өкмөт шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессин ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу КР Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдиргенин бүгүн, 1-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Шайлоочулардын тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген персоналдуу маалыматтардын негизинде түзүлдү. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тизмени тактап, шайлоочулардын саны 3 523 554 жаранды түздү. Учурдагы мыйзамдар боюнча № 2 форманы толтургандардан тышкары ар бир жаран катталган жери боюнча добуш берет. № 2 форма боюнча өзүнчө токтолгум келет, аны менен бир киши бир нече жолу добуш берсе болот экен деген ушак-айыңдар айтылууда. Автоматташтырылган система буга жол бербейт, анткени манжа изи гана идентификацияланбастан, адам жүзүн таануу дагы жүргүзүлөт. Бир киши бир эле жолу добуш бере алат. Башкача айтканда, автоматташтырылган биометрикалык система добуш берүүнүн экинчи аракетине бөгөт коет», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо алдындагы процесстерге кийлигишпөө керектигин эскертти.

«Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, үгүт иштерине катышпоого жана административдик ресурсту пайдаланууга тыюу салынган. 2015-жылдагы шайлоодон кийин шайлоо мыйзамдарынын ичинде үгүт иштеринде административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды добушун сатып алуу сыяктуу иштерге катуу санкциялар киргизилген. Мыйзам бузуу болгон жок дегенден алысмын, бирок өлкөдө абал тынч», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Премьер-министр эл аралык байкоочулардын ишинин алгачкы талдооруна токтолду.

«144 байкоочу бар КМШнын байкоочулар миссиясынын аралык отчёту кечээ эле жарыяланды. Ага ылайык, азыркы шайлоо өнөктүгү айрым фактыларды эсепке албаганда тынч өтүп жаткандыгы белгиленди. Байкоочулар бийлик тараптан бардык саясий партияларга бирдей мамиле жасалганын өзгөчө белгилешти», – деди Кубатбек Боронов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: