Menu

Орозбек Молдалиев, саясат таануучу: “Дайыма шылтоо айткан “Ата Мекендин” туруктуу позициясы жок. 30 жылдан бери Жогорку Кеңеште жүрөт”

Бөлүшүү:

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев келерки парламентке мурдагы эле депутаттар баратканына байланыштуу өлкөдө өзгөрүү, реформа болорунан күмөн санайт. Ал эми жаңы, жаш партиялардагы талапкерлердин экономиканы көтөрүүгө тажрыйбалары жетишсиз экенин билдирди.

– Шайлоого саналуу күндөр калды, жаш партияларда шанс барбы жана алар келсе парламенттин сапаты жакшырат деп ойлойсузбу?

– Бул шайлоого катышкан партиялардын кимиси келсе деле парламенттин сапаты өзгөрбөйт. Анткени шайлоого катышкандардын 90 пайызы алтынчы чакырылышта иштеген депутаттар. Азыр жеңишке жеткендер көпчүлүк коалицияны курап, шайлоодо аларга жардам берип, чуркагандарды министрлик кызматтарга, өкмөт башчылыкка отургузушат. Булардын артында бүтүндөй бир партия тургандыктан, алар премьер-министрдин сөзүн угуп да коюшпайт. Анан кайдагы реформа туурасында сөз болот? Отуз жылдан бери жыл сайын өкмөт башчы алмашат, бул туруксуздуктун жеткен чеги. Мындай шартта бир да адам экономиканы көтөрүүгө, реформа жасоого далалат кылбайт. Себеби ал билет, бул кызматта ашып кетсе бир жарым жыл иштейт. Ошон үчүн баардыгы «жумуштан кеткенче алып калайын, акча жасайын» деп ойлонушат. Бизде иштей ала тургандар бар, болгону аларга мүмкүнчүлүк бербейбиз. Эгерде татыктуусун тандап, анын «планды аткара алам» деп сураган убактысын бергенде гана өзгөрүү болушу мүмкүн. Жогорку Кеңешке жаңы партиялардын, жаштардын аттанганы жакшы жышаан, бирок, алардын реформа жасаганга тажрыйбасы жетиштүү болуусу абзел. Жаштардын ниети таза, мекенчил болгону менен тажрыйба деген чоң маселе бар. Биздеги аймактардын, экономиканын абалы, саламаттык сактоонун, билим берүүнүн, деги койчу, баардык жакта көйгөй көп. Албетте, бул жаштар такшалышы керек. Бирок, алардын арасынан кескин реформа жасай ала тургандарын көрө албай турам…

– Партиялардын программалары, идеологиясы кандай кетип жатат?

– Алдыңкы партиялар башка мамлекеттерге ылайыкташкан идеологияларды бизге таңуулап жатпайбы. Бул кичинекей балага чоң кишинин кийимин кыйнап кийгизип салгандай. Ошон үчүн биздей жаңыдан өнүгүп келе жаткан мамлекетке өнүккөн, күчтүү мамлекеттин идеологиясы таптакыр туура келбейт. Андыктан, элде татыктуу парламентти тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Биз партиялардагы талапкерлерге, алардын эл арасындагы аброюна, сапатына карап добуш беришибиз кажет. Тилекке каршы, көпчүлүк учурда мындай болбой, каражатына, тууганчылык байланыштар үстөмдүк кылып кеткендиктен, деңгээли төмөн эл өкүлдөрүнө ээ болуп жатабыз. Буга өзүбүз күнөөлүүбүз.

– Парламентте күчтүү оппозиция болуш үчүн алар канча мандатка ээ болушу кажет?

– «Ата Мекен» партиясы «парламентте бизден башка күчтүү оппозиция болбойт» деп билдирип жатышпайбы? Чынында бул партия отуз жылдан бери Жогорку Кеңеште жүрөт, бирок акыркы чакырылышта кайсы бир маселеде туруктуу позициясын көрсөтө алган жок. Булар «биз айтканбыз, дегенбиз, укпай коюшту» деген шылтоо менен кутулуп жатышат. Аныгында, жалпы жыйында микрофонго кыйкырып койгон менен добуш берүүнүн айырмасы чоң. Биз депутаттардын сүйлөгөнүнө эмес, добуш бергенине көңүл буруубуз абзел. Алар парламентте азчылыкты түзгөнүн айтып жатышат, бирок күчтүү оппозиция үчүн мандаттын саны маанилүү эмес. Аларда да бир топ рычагдар бар. Маселен, бюджет комитети ушул оппозициячыл фракциянын колунда болот. Бюджет – ири долбоор, бүтүндөй мыйзам. Аны менен чоң иштерди бүтүрүүгө шарт бар. Албетте, «Ата Мекендин» саясый бир окуяларда салымы бар, бирок партиянын ичиндеги бөлүнүүлөр аларды бир топ алсыратып койду. «Жаңы дем» долбоору бир аз кечигип калгандай…

Анархан Алтымышова

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: