“Мен ага: “Ооба, уулум, формаңды кий да бар. Мен сени аябай жакшы көрөм, бирок мекен үчүн курман болгондон өткөн асыл эч нерсе жок”, – дедим. Бул жерде кандай кырдаал болоорун жана бизде байланыш болор болбосун билбедим. Азырынча анын согуш майданында болушунун зарылдыгы жок болуп чыкты” – дейт Акопян.
Тоолуу Карабахта кырдаал 27-сентябрда кескин курчуп кетти. Азербайжан Армениянын күчтөрү калктуу конуштарын аткылап, каршы чабуул жарыялаганын билдирди. Армения өз кезегинде кол салууга Азербайжан армиясын күнөөлөдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ