Menu

«Кашкар Жунушалиев тарыхта сөз эркиндигин муунткан чиновник катары эсте калат»

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы – К.Осмоналиевдин төрагалыгында, судьялар Б.Батыралиев менен К.Жунушбаевдин катышуусунда 23-сентябрда процесс болду. Доогер, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун «Азия Ньюс» гезитине 300 миң сом айып пул салган чечимин жокко чыгаруу максатында кассациялык тартипте башкы редактор Асланбек Сартбаев кайрылган. Тилекке каршы, адилетсиздик ойноп кетти…

«Азия Ньюс” гезити 2019-жылдын 25-апрелинде «Кашаң кашкар» деген материалды, ошол эле жылдын 16-майындагы санына «Генерал Абдыкаровдун кадрларына күнү түшкөн Жунушалиев кетсин!» деген макала жарыялаган эле. «Макаладагы «Кашаң Кашкар», «акмакчылык», «бекер жерден каблук кийбейт экенсиз да» деген сөздөр аброюма шек келтирди» деп министр Кашкар Жунушалиев Октябрь райондук сотуна арыз менен даттанган. Судья Тынара Абдиева КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук эксперттик кызматынын эксперти Ж.А.Семенованын чыгарган бир жактуу тыянагына таянып, ишти доогердин пайдасына чечип, «Азия Ньюс” гезитине бир миллион сом айып пул салган. Негизсиз жана мыйзамсыз! Редакция бул чечим менен макул болбой, шаардык сотко апелляциялык тартипте кайрылган. Бишкек шаардык сотунун судьялары Б.Толубаева, Н.Илиязова, Д.Молоев 2020-жылдын 17-июнунда гезиттин арызын карап, аны жарым-жартылай канааттандырып, бир миллион сомду 300 миң сомго азайтып, чечим чыгарган болчу. Биз акыйкат издеп, шаардык соттун чечимине макул болбой, кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна бергенбиз. Жогорку сот биздин сурообузду канааттандырган жок, тескерисинче, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Анарбек Усупбаев, «Манас ордо» фондунун төрагасы:

– Өзү министр болсо, уят эле иш болду. Гезит – коомдун күзгүсү. Ар бир мамлекетгик кызматкердин кылган ишине карата ишмердүүлүгүн сындап, кетирген кемчилигин белгилейт, жазат. Тескерисинче, ошол министр рахматын айтып, алкап, андан аркы ишмердүүлүгүн түзөп кетүү үчүн аракетин кылыш керек эле. Илгери падышалар, эл башкарган хандар маскарапоздорду жанына алып жүрчү. Анткени алар коомдогу болуп аткан терс жагдайларды жаап-жашырбастан бетке айтып турушкан. Падышалар ошолорго карап бойлорун түзөшчү. Учурдан пайдаланып, Кашкар Жунушалиев тууралуу бир маалымат айткым келет. Он чакты жыл болуп калды, теңирчиликти кыргыздын нукура дини катары каттоого дилгирленген элдер бар эле. Ошолор соттон каттоо тууралуу утуп алган. Соттун чечимин дин комиссиясы аткарбай, алигиче каттабай жүрөт. Улуу держава Россия теңирди дин катары каттап койду. Соттун чечими тургандан кийин аны аткарбаганы боюнча иш козголот. Мына ушул маселе боюнча биздин балдар 3-4 жолу ИИМге кайрылса, ушу кезге чейин ар кайсы шылтоону айтып, чоюп жүргөнү уят иш да. Кыргызга күйбөгөн министр экен…

Адил Турдукулоа, эркин журналист:

– Дегеле жогорку кызматты ээлеген адам -министр, депутат болобу, баары тең элдин назарында экенин сезип, билип турушу керек. Ошондуктан катуу айтылып, жазылган сын-пикир, ойго дагы чыдамдуу болушу абзел. Менин оюмча, мыйзам түрүндө мамлекеттик аткаминерлердин ММКларды сотко берүүсүнө тыюу салыныш керек. Ал эми альтернативалык көз карашы бар, чоң суммадагы айып пул салынганы – бул Кашкар Жунушалиевдин өз кызматынан аша чапкандык менен колдонуусу катары бааланышы керек. Кыргыз тарыхында ал сөз эркиндигин муунткан чиновник катары эсте калат, себеби анын кызматтык ишинде жакшы жетишкендиктери жокко эсе.

Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер:

– Мамлекеттик кызматкерлердин, ошондой эле саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин жасап аткан иштерин бир гана массалык маалымат каражаттары коомчулукка жеткирет. Сынга калбайын десе, таза иштеп, коррупциялык иштерге малынбай, кызматтык абалынан ашкере пайдаланбай, мыйзамга баш ийип, адилеттүү, акыйкаттуу чечимдерди кабыл алуусу керек. Бирок, ошол эле учурда журналист да жоопкерчиликти алып, факты, өз орду менен жазса, мындай соттошуулар болбойт. Анткен менен мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер массалык маалымат каражаты болбосо, өз ишин элге жеткире алышпайт. Мен да учурунда көп сындалып, тепкиге алынгам. Бирок, мындай нерсеге чычалап, сотко чуркаган эмесмин.

Качкын Булатов, укук коргоочу:

– «Кашкар Жунушалиев гезиттен 300 миң сом утту» деп Жогорку сот ал кишинин авторитетин баалаганын угуп алып, таңкалып атам. Азыркы парламенттик шайлоого аттанган 16 партиянын баары «коррупция менен күрөшөбүз. Коррупцияга малынган бийлик, коррупция менен шугулданган күч органдары, сот системасы» деп атат. Эми ошону билип туруп, кайра келип алып министрдин авторитетин 300 миң сомго баалаганы акылга сыйбаган иш катары баалайм. Негизи ИИМ, прокуратура, сот – баардыгы коррупцияга малынган да. Элден деле «булардын авторитети кандай?» деп сураса болот. Калайык-калктын кыжырын келтирип, коррупцияга малынган мекеменин башчысын калкалап, гезитти каралоо жакшы эмес. Бул теңсиздиктин белгиси болуп атат. Орус жазуучусу, тамсилчи Крыловдун тамсили бул жакта эле калды…

Бектур Асанов, коомдук ишмер:

– «Азия Ньюс» Кыргызстандагы эң бир белдүү, кадыр-барктуу, көз каранды эмес, коомдо пикир жаратуучу гезиттин бири. Ошон үчүн сиздерге ар бир мамлекеттик кызматкер, коомдук ишмер, саясатчы көңүл бурат, анын ичинде ички иштер министри да. Бирок, кандай болгон күндө деле гезитти 300 миң сомго доого жыкканы туура эмес. Себеби, жөнөкөй адамдар 3000-5000 сом, юридикалык жак 10 миң сомго чейин гана жыгат. Ал эми бийлик өкүлдөрүнүн 300 миң сомго жыкканы акылга сыйбаган иш. Ансыз деле өпчап жашап аткан гезиттер үчүн бул сумма эбегейсиз қаражат. Ошон үчүн булар коркутуп-үркүтүп, өзүм билемдикке салып, тизелетүү жагына өткөнү жаман адатка айланып баратат. Бул – адилетсиз чечим. Ушуну менен эле чектелип калбай, күрөшүш керек. Муну жеке эле басма сөз эркиндигине эмес, демократиялык өлкөнүн өнүгүшүнө, мамлекеттин келечегине кол салуу деп билем.

Бекболот Талгарбеков, экс-миниср:

– Бийликтеги ар бир жетекчинин өз ар-намысын коргоо үчүн сотко кайрылууга формалдуу түрдө укугу бар. Бирок, цивилдүү өлкөлөрдө жетекчилер алгач моралдык укукка көңүл бөлүшөт. Элди жакырчылыкка, өлкөнү сазга тыккан өкмөттүн министри өзүн-өзү коргоп сотко кайрылганга моралдык укугу барбы? Кыпындай да укугу жок! Ага карабастан, негизги ишти артка таштап, беттырмарлык менен сотто сандалып жүргөн министрди өкмөт башчы Кубатбек Боронов уяткарып, тыйып койсо болмок. Шермендечилик иш болуптур! Кашкар Жунушалиев жакшы жетекчи экенин коомчулук менен тытышпай, тескерисинче, мыкты иштери менен далилдесе жарашмак.  Ал эми өлкөдөгү тартип абалы кандай? Өлкөнү криминал көмүскө башкарып, ал эмес жаңы парламентке тобу менен келе жатканы эл ичинде зор нааразылыкты жаратууда. Бул жагдайда пас кадамы үчүн Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюс» гезитинин жамаатынан кечирим сурап, адилетсиз соттордун чечиминен баш тартарын жарыяласа, өз жүзүн, абийирин сактап калмак.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: