Menu

Гүлназ Мамытова: “Трамптын визалык чектөө чечимин АКШ Жогорку соту артка кайтарды”

Бөлүшүү:

Акыркы беш-он жылдан бери АКШда туруктуу жашаган кыргызстандыктардын саны өскөнү айтылып келет. Статистика боюнча башка штаттарга салыштырмалуу Чикагодо мекендештердин саны басымдуулук кылат. Эки жылдан бери Америкада жашаган журналист Гүлназ Мамытова ал жакка кандайча барып калганы жана аталган өлкөдөгү айрым өзгөчөлүктөр туурасында айтып берди.

– Америкада жашаганыңыздарга канча жыл болду жана кандайча барып калдыңыздар?

– Америкада жашаганыбызга эки жыл болду. Учурда Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында жашайбыз. Чикагодо жалпысынан беш миңдей кыргызстандык бар. Бул жакка 2018-жылы «Сгееn сагd» программасы менен келгенбиз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, аталган программа кыргызстандыктар үчүн тыюу салынган. Бирок, учурда ал алынды. Себеби, АКШнын президенти Дональд Трамптын визалык чектөөлөр боюнча чыгарган чечими Американын Жогорку сотунан артка кайтарылды. 2020-жылга карата «Сгееn сагd» утуп, бирок, чектөөдөн улам виза алууга жетишпей калгандар үчүн кайрадан АКШга келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми кийинки жылдары да лотерея ойнотулабы-жокпу, азырынча белгисиз. «Сгееn сагd» — АКШга иммиграциялоонун реалдуу жолдорунун бири. Карта менен келгендер шайлоолордо добуш берүүгө катыша албайт, андан башка баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алат. Окууга, жумушка тоскоолдуктар болбойт. Андан башка бизнес баштоого, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк алууга толук шарттар түзүлгөн.

– Башка мамлекеттеги жашоого дароо эле көнүп кетпесеңиздер керек…

– Албетте, көнүп кетүү оңой болгон жок. Толук кандуу адаптация болуп, жашоо шартына көнгөнгө эле аз дегенде бир жыл кетет экен.

– Ал жактагылардын дүйнө таанымы, жашоо шартынын биздикинен айырмасы эмнеде экен?

– Ар бир элдин, өлкөнүн өзгөчөлүгү, жакшы жана терс жагы бар эмеспи. Бул өлкөнүн эң чоң жетишкендиги – мыйзамдуулуктун бекемдигин, системаны ушунчалык катуу орнотушканында. АКШга келген ар бир адам, мейли конок же туруктуу жараны болсун, мыйзамды сыйлоого, аны аткарууга системасы баш ийдирет. Биздикиндей «кийинкиге калтырып турайын», же «эч нерсе болбойт» деген түшүнүк жок. Баардык маселени өз убагында бүтүрбөсөң, мыйзам өзү сени жетелеп келип, сылык түрдө аны аткарат. Эл да буга көнүп, ар бир нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Мыйзамдар эл үчүн кызмат кылып, жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө, ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. Эң эле жөнөкөй мисалдарды айта турган болсок, кандай имаратка барбаңыз, майыптар үчүн парковка, кол менен түртүп же тартып ачпай турган, алардын коляскасы үчүн атайын эшиктер болот. Мага окшогон жаш балалууларга эне-бала ажатканалары, баланын памперсин алмаштыруучу, эмизип эс алдыруучу бөлмөлөр каралган. Баарынан да дарактарга болгон мамиле таң калтырат. Анткени дарактар көп жайгашкан жолдордо жарык өтө аз же жокко эсе. Бул алардын түнкү жашоосун эске алгандан кабар берет. Баарыбызга белгилүү болгондой, бак-дарактардын эс алуусуна, өсүп-өнүгүүсүнө түнкү учурдун мааниси чоң. Анан дагы биз ар дайым убакыттын баалуулугун баса белгилеп айтканыбыз менен анын чыныгы баркын билбейт экенбиз. Ошол сөздүн күчүн Америкада жонтериң менен сезет экенсиң. Убакытка өзгөчө көңүл бурулгандыктан, иш күндү саат менен эсептешет. Бул «Кыргызстандагыдай жайбаракат жашоо жок» дегенди туюндуруп, «канчалык көп иштесең, жашоо шарттың да ошого жараша тың болот» дегенди билдирет. Жалкоолор оңой эле селсаяк болуп калышат.

– Кандай жумуштарда иштеп жатасыздар? АКШда кайсы кесиптин ээлери баалуу?

– Жолдошум кесиби боюнча программист, мен журналист. Бирок мен жакынкы жылдарда башка кесипке өтөм. Убакыт келгенде ал тууралуу да кенен айтып берем. Учурда окуп жатам.

– Америка вирус көп катталган өлкөлөрдүн бири болгондуктан, пандемия кандай таасир тийгизди, эмнелер өзгөрдү?

– Бизнес, экономика жаатында өзгөрүүлөр болду. Кызматкерлер онлайн иштегенге өтүп, жумуш орундар кыскарды. Жумушсуздук өстү. Бирок, азык-түлүк кымбаттаган жок. Адамдар жоопкерчиликтүү болуп, беткап тагынуу, аралыкты сактоону күнүмдүк жашоо шартына айлантышты. Мындан башка өзгөрүү байкалбады.

– Кандай пландарыңыз бар?

– Эң негизги максатыбыз -алгач өзүбүз окуп, иштеп, балдарыбызга татыктуу шарт түзүп берүү.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: