Menu

Ырчы Юлия Руцкаянын апасын коюп кеткен милиция кызматкери күнөөсүн мойнуна алды

Бөлүшүү:

Ырчы Юлия Руцкаянын апасы жаракат алган кырсык фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Руцкая социалдык тармактагы баракчасына апасын милиция унаасы коюп кетти деген видео жарыялаган. Ырчынын айтымында, энесинин баш мээси чайкалып, жаракаттарды алган.

Ички иштер министрлиги окуянын чоо-жайын билдирди. Маалыматка ылайык, кырсык 1-октябрда күндүзгү саат 14:00 чамасында Үсөнбаев көчөсүндө болгон. Милиция кызматкери “Nissan Almera” кызматтык унаасын айдап бара жатып, унаа тескери кетип, жөө жүргүнчү 1950-жылы туулган А.С.ны сүзгөн.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ички иштер министрлиги анын баш мээси чайкалган деп ырастоодо.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 155-беренеси (“Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу”) боюнча катталган.

Басма сөз кызматы белгилегендей, жол кырсыгына күнөөлүү болгон милиция кызматкери күнөөсүнөн баш тартпайт жана жол кырсыгынын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдын ордун толугу менен толтурууга даяр.

Ошондой эле, экспертизалар дайындалып, ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан аталган факт боюнча расмий текшерүү жүргүзүлүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: