Menu

Өзбекстанда мугалимдер COVID-19га каршы бекер таратылган препараттарды колдонуудан кооптонууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда өткөн аптадан бери мугалимдерге гидроксихлорохин (плаквенил) жана цинк препараттары бекер таратыла баштады. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги бул коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чара экенин билдирди.

Мугалимдер безгекке каршы препаратты колдонуудан кооптонуп турушат.

– 22-сентябрда гидроксихлорохин таратышты. Ар бир мугалим алты таблеткадан алды. 28-сентябрда 10 таблеткадан цинк беришти. Бул препараттарды таратып жатканда бизди текшеришкен жок. Кээ бирине жакпай калышы мүмкүн. Ошондуктан жеке мен өзүм аны колдонуудан коркуп жатам, – деди мугалимдердин бири.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту дарылоодо гидрокихлорохин эффективдүү эмес экенин жарыялаган. Буга чейин Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул препаратты COVID-19 менен ооруган бейтаптарга колдонуучу дарылардын тизмесинен чыгарып, кийинчерээк кайра кошкон.

Соцтармактарда гидроксихлорохин препаратына байланыштуу бизнес жөнүндө сын күчөгөндөн кийин Саламаттык сактоо министрлиги бул дары өлкөгө гуманитардык жардам иретинде келип жатканын, анын артында кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы жок экенин билдирген.

Гидроксихлорохин (соода маркасы – «Плаквенил») безгекке каршы препарат болуп эсептелет. Ал ревматоиддик артрит жана бөрү жатышты дарылоодо да колдонулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: