Menu

Тажикстан Түркия менен аба каттамдарын жандандырат

Бөлүшүү:

Тажикстандын жарандык авиация агенттиги Душанбе жана Стамбул шаарларынын ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандандырууга уруксат берди.

Мекемедеги өз булактын маалыматына караганда, «Turkish Airlines» жана «Сомон Эйр» авиакомпаниялары жумасына бир жолудан Душанбе-Стамбул-Душанбе багыты боюнча уча башташат.

«Каттамдар Тажикстан менен Түркиядагы санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактап, авиакомпаниялардын сайттарындагы жадыбалга ылайык аткарылат», — деп билдирди булак.

Азырынча каттамдардын датасы жана билет баалары тууралуу маалымат жок. «Азия-Плюс» агенттиги өз булактарына таянып, Душанбе менен Стамбулдун ортосундагы туруктуу аба каттамдары 8-октябрдан тартып аткарыла баштай турганын жазды.

«Turkish Airlines» компаниясынын Душанбедеги өкүлчүлүгү алардын учактары Стамбул-Душанбе-Стамбул багыты боюнча ар дүйшөмбү сайын, «Сомон Эйрдин» учактары Душанбе-Стамбул-Душанбе багыты боюнча бейшемби сайын учарын билдирди.

21-июлдан тартып Душанбе-Дубай-Душанбе багыты боюнча туруктуу аба каттамдары аткарыла баштаган. Бул багыт боюнча «Fly Dubai» жана «Сомон Эйр» авиакомпанияларынын учактары жумасына бир жолудан учуп жатышат.

Бүгүнкү күндө Тажикстан туруктуу аба каттамдарды жандандыруу боюнча Орусия жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: