Алдыда боло турган парламенттик шайлоого форма-2 боюнча 496 239 кыргыз жараны арызын калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.
Анын айтымында, 42 миң 386 жаран эки же андан көп жолу форма-2 боюнча арыз беришкен.
Алардан ичинен:
– 32 миң 500 жаран эки жолу арыз берген;
– 1967 адам төрт жолу;
– 872 адам – 5 жолу;
– 3 жаран болсо – 22 жолу.
4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ