Menu

Видео – Коом бузулуп баратат. Бирок Жогорку кеңеш андан да көп бузулууда

Бөлүшүү:

Борборшайлооком кечээ күнү Султан Анарбаев деген жигитти Жогорку кеңештин жаңы депутаты кылып каттады. Ал – «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жаныбек Жоробаевдин ордуна келди. Жоробев өзү 4 эле ай депутат болуп, май айында Жаныбек Исаевдин ордуна келиптир, Исаев болсо Жогорку кеңеште эки жылга жетпеген убакыт иштеген экен. Бул эмне деген шумдук?

«Эл бизди эмне деп атат? Уктуңар да акыркы бир жуманын ичинде. Азимбек айтты – базаркомдор деп, булар мыйзам жазганды билбейт деп. Мадумаров биржа деди. Кылычбек Султанов айтты – принциби жок ылдыйбаштар отурат деп. Ушуну уккуңар келди беле? Унасыңар. Далай угасыңар», – деп сүйлөгөн мындан бир жарым жыл мурда депутат Ырыскелди Момбеков.

Канчалык логикага жатпаса да, ишкерлерге депутаттык мандат, кыска убакытка болсо дагы, керек – алар өз бизнесин алдыга бир топ жылдырып ала алат. Экинчиден, алардын өмүр баянында «мурдагы депутат» деген сөздөр өмүр бою сакталып калат жана ал дагы ошол эле бизнеске же балдарына пайда алып келет. Сентябрдын үчүндө бир күндө 7 адам депутат болгон, алар деги эле Жогорку кеңеште иштеген жок, бирок аты тарыхта калат.

Жогорку кеңештин ушундай бурмалоолоруна Борборшайлооком дагы жардам берип, депутаттык макамды адамдарга бир аптага берүүдө. Шайлоо өнөктүгү башталганда БШК өзү дагы бир нече жолу шерменде болуп, партиялардан 2 жолу сотто утулду, анткени аларды шайлоодон четтетем деген. Ошол эле учурда бул конституциялык орган – шайлоо тизмелериндеги орундар ачыктан-ачык сатылып жатканына каршы жарым сөз да айта албайт.

Башка мамлекеттик уюмдар дагы мамлекетти шерменде кылууда. Сотторду эле карап көрөлү. Албетте, алардын арасында иштерди мыйзамга жараша адилет чечкендер да бар, бирок бир-эки эле сот мыйзам ченемин одоно бузса же сатылма чечим чыгарса, бүткүл сот системасы шерменде болот да. Андай учурлар болсо бир-эки эле эмес, күндө болуп жатат жана «Даймонд-сити» турак жайынын ишин эле эстесе болот.

Же прокурорлорду деле алып көрөлү. Прокуратура системасы мамлекетте мыйзамдар так жана адилет аткарылып жатканын көзөмөлдөп туруш керек. Бирок ошол эле Баш прокуратуранын негизги башкармалыгын жетектеген адам бир нече миллион сомдук пара алып жатса, кайдагы мыйзамдуулук жөнүндө сөз кылуу мүмкүн? Прокурорлор башкалар менен бирге криминал жана бандиттердин малайына айланып кеткен.

Же милицияны карап көрөлү. Милиция коомду ошол бандиттерден коргоп туруш керек эле, бирок алар криминал менен биргелешип кетсе, кайдагы коргоо болмок эле? Же ошол эле чекисттерди алалы. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрү бизнес кылып жатса, абалды ким оңдой алат? Мамлекеттеги жалпы абалды көзөмөлгө алып, аткаруу бийлигин такалай турган парламент минтип бузулуп жатса, кайдагы таза турмуш?

Жогорку кеңеш жалаң гана бизнес маселелери чечиле турган бир түзүмгө атайылап айланып бараткандай. Алардын ишкердиги таза болбогондуктан, бийликтин кайсы болбосун органы депутаттарды кайырмакка илип алып, качан кааласа кандай болбосун саясий малелелерди дагы чечүүгө же алар түзгөн келишимдерди жактыртып алууга кудуреттүү болот да. ТЭЦти модернизациялоо келишимин эле эстесек жетиштүү.

Айрымдар – Жогорку кеңеш коомдун күзгүсү, коом менен эл кандай болсо, парламент дагы ошондой деп ойлойт. Бирок анда шайлоонун эмне кереги бар? Шайлоо аркылуу коом Жогорку кеңешке эң акылдуу, эң зирек, эң таза адамдарды тандаш керек да. Шайлоо аркылуу парламентке – элдин таламын талашып, мамлекет менен улуттун кызыкчылыгын коргой тургандар келиш керек эле да. Бирок аны биз көрбөйбүз.

«Бир жагынан ойлойсуң – эми баягы, элине жараша парламенти да, адамдарга жараша, жалпы калкына жараша парламенти дейсиң. Чындыгын айтканда, парламенттин курамы, составы, негизинен, чайкоочулар десек, бир аз ороюраак болуп калат, бирок, негизи, ошол бизнесмендер барып алды да», – деген пикирде профессор Айтмамат Оморов.

Ар ким өз гана жеке кызыкчылыгын ойлогон заман. Кеп ошондо.

Нарын Айып

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: