Menu

Генпрокуратура шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иштери жөнүндө билдирди

Бөлүшүү:

Добуштарды сатып алуу, үгүттөө үчүн кордук көрсөтүү жана коркутуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маселен, Оштогу Черемушки кичи районундагы “Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү добуштарды сатып алуу максатында жашоочуларга 10 кап көмүр таркатып бергендиги тартылган видео Интернетте тараган.

Бул факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (“Добуш сатып алуу”) менен катталган.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы Б.У.Д.нын видео кайрылуусу жарыяланды. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Бакасовдун өкүлдөрү (“Биримдик” партиясынан) айылдардын биринде ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн акча сунуштаган. Буга жооп катары, алар алдыдагы шайлоодо 300 добуш сурап, аванс катары 300 миң сом которушту.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы Б.У.Д.нын видео кайрылуусу жарыяланды. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Бакасовдун өкүлдөрү айылдардын биринде ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн акча сунушташканын билдирди. Мунун ордуна алар алдыдагы шайлоодо 300 добуш топтоп берүүсүн сурап, аванс катары 300 миң сом беришкен.

Бул факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (“Добуш сатып алуу”) менен катталган.

Ошондой эле, Өзгөн райондук прокуратурасына Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси А.А.дан арыз келип түшкөн. Анын айтымында, Алтын-Булак айыл аймагынын башчысы Т.С. кол алдындагы кызматкерлерди жана мектеп мугалимдерин “Мекенчил” партиясына добуш берүүгө үндөгөн.
Бул факт КЖБРге Кылмыш кодексинин 87-1 беренеси (“(Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу”)  боюнча катталган.

Мындан тышкары, Жалал-Абад прокуратурасы тарабынан милиция кызматкери Ф.К.нын партиялардын бирине үгүт жүргүзгөндүгү үчүн И.Г. аттуу жаранды коркуткан фактысы боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси (“Кызмат абалынан аша чабуу”) менен катталган. Тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: