Menu

БШК “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловду шайлоодон четтетүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы бир топ жарандардын “Биримдик” партиясын жана алардын лидери Марат Аманкуловду парламенттик шайлоодон четтетүү боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим 2-октябрда БШКнын отурумунда кабыл алынды.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, БШКнын эки мүчөсү гана “Биримдик” партиясын жана алардын лидери Марат Аманкуловду  шайлоо жарышынан чыгарууну суранган 11 кыргызстандыктын билдирүүсүн колдошту.

Алар мындай арыз менен Марат Аманкуловдун “Биздин көз карандысыз 30 жылдык тарыхыбыз “эсиңерге келгиле, кайра артка кайтканга убакыт келди!” дегенди көрсөттү” деген билдирүүсүнөн кийин беришкен.

Белгилей кетсек, БШК мүчөлөрү иштин материалдарын Башкы прокуратурага жана УКМКга Марат Аманкуловдун билдирүүлөрүнө укуктук баа берүү үчүн  жөнөтүүнү сунуш кылышкан. Бирок бул демилгени эки гана адам колдоду.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Марат Аманкуловдун сүйлөгөн видеотасмасы тараган. Видеодо ал: “30 жылдык эгемендүүлүктөн кийин өлкө көз-карашын өзгөртүп, кайра кайтууга мезгил келди” деп айткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары Аманкуловдун бул билдирүүдөн Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, сынга алышты.

Партия бул провокация болгонун, сөздөр контексттен алынып салынгандыгын белгилеп, “партия патриоттук платформага негизделген жана биздин башкы баалуулуктар биздин көз карандысыздыгыбыз, эгемендигибиз, аймактык бүтүндүгүбүз” деп белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: