Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия жана Венгрияга болгон иш сапарларынын жыйынтыктары тууралуу айтып берди

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде жакында Россия жана Венгрияга болгон иш сапарларынын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы эки иш сапары тең пайдалуу жана жемиштүү болгонун белгилеп, ошондой эле алардын практикалык натыйжалары көп күттүрбөй тургандыгына ишенерин билдирди.

Белгилүү болгондой, Президент биринчи иш сапарын Россияга жасаган.

«Россия, билесиздер, биздин эң жакын, ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбуз.

Биз Россия менен бүт тармактар боюнча абдан жогорку деңгээлде, активдүү иштеп жатабыз. Россия тарабынан дагы ошондой мамиле болуп, бүт тармактар боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Сочиде Владимир Владимирович менен кеңири сүйлөштүк. Кызматташуунун бардык тармактары камтылды. Көп маселелер талкууланды. Биз койгон маселелердин баарын тең эле Россиянын Президенти ар дайым колдойт, колдоп келатат. Өзүнүн дагы кыргыз элине, Кыргызстан мамлекетине өзгөчө жылуу мамилеси бар. Мен 3 жылга жакын убакыттан бери жолугуп, байланышта иштеп келе жатам. Бир дагы жолу Кыргызстан боюнча коюлган маселеге жок дей элек. Бул жолугушуу да ошондой болду. Бүт тармактар боюнча абдан жакшы, кеңири сүйлөшүү болду», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Андан ары Мамлекет башчысы расмий визити менен Венгрияга барды. Анда Премьер-министр Виктор Орбан, Президент жана Улуттук Жыйындын Төрагасы менен жемиштүү жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сооронбай Жээнбеков көп маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүлөргө жетишилгенин белгиледи.

Биринчиден, билим берүү тармагы боюнча биздин студенттер үчүн бюджеттик орундар 75тен 150гө чейин көбөйтүлдү.

Экинчиден, Кыргыз-венгер инвестициялык фондун түзүү чечими кабыл алынып, анын уставдык капиталы 50 млн доллар — бул 4 млрд сомго жакын каражатты түзөт.

«Биз бул каражатты эки мамлекеттин ортосунда биргелешкен ишканаларды түзүп, ошолор аркылуу экономикага каражат салып, кайра иштетүү, өнөр жай ишканаларын куруу, эң негизгиси, биздин өндүрүлгөн продукцияларды экспортко чыгаруу боюнча сүйлөштүк.  Мени кубандырганы — биздин ишкерлерге Венгрия аркылуу Европа Биримдигине кирген мамлекеттерге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алдыңкы технологиялар Европада да, алар Венгрияда да бар. Ошол эң алдыңкы технологияларды биздин ар кандай тармактарга алып келип, иштетсек болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Үчүнчүдөн, боордош элдер арасында байланышты бекемдеш үчүн, Будапешт-Бишкек түз авиа байланышын ачуу маселеси чечилди.

Ошондой эле,  Венгрия банкынын филиалын ачуу боюнча маселе талкууланды.

Венгер тарап биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен урандын калдыктарын рекультивациялоо боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

«Венгрия аркылуу Европадан инвестиция тартканга, бүт тармактарга технологияны алып келгенге, кайрадан өндүрүлгөн продукциябызды сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алар да кызыкдар. Анткени, биздин жаныбызда чоң рынок бар. Кытай Республикасы бар, ЕАЭБдебиз. Эң негизги чоң нерсе — премьер-министр Орбан менен Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол койдук», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле ал белгилегендей, венгер эли  кыргыз элинин чыгаан уулу, атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду абдан сыйлап, урматтайт.

Президент кошумчалагандай, Будапешт шаарынын сейил бактарынын бирине Айтматовдун аты ыйгарылды.

«Премьер-министр, Президент, спикер менен жолукканда дагы алар Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын айтып жатышты. Венгрияда мектепте, жогорку окуу жайларында атайын программалар киргизилип, чыгармаларын окуткан экен. Жакшы билишет экен. Жалпы жетекчилиги, эли аны урматтап, сыйлайт экен. Биздин атактуу жазуучунун атын чоң сейил бакка коюшту. Биздин ал жактагы студенттер катышты. Шаардын мэри катышты, ал абдан жылуу сөздөрүн айтты. Бизге да абдан жагымдуу болду. Чыңгыз Төрөкулович өзү азыр арабызда жок болсо дагы өзүнүн жасаган иши менен, кылган эмгеги менен кыргыз элин дагы деле колдоп атат. Мен ошого абдан кубандым. Ошол жерде мен биз кыргыз эли өзүбүздүн „Манас“ эпосубуз жана Айтматовдун чыгармалары менен дүйнөлүк маданиятка салым коштук деп айттым. Айтматовдой дүйнөлүк маданиятка салымын кошкон адамдар адамзат тарыхында эсептелүү эле», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: