Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мектептер ачылгандан кийин мугалимдин гана эмес, ата-эненин дагы жоопкерчилиги болушу керек

Бөлүшүү:

«Эми ата катары, жаран катары түшүнүп турам, башталгыч класстардын окуучуларын аралыктан окутууда кыйналып атышат. Биз ошондуктан дагы 6-класска чейин балдарыбызды мектепке барсын деген өкмөттүн чечимин колдоп бердик», — деп баса белгиледи КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген маегинде. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өзгөчө белгилегендей, мектептер иштегенден кийин бул жерде мугалимдин гана эмес, ата-эненин дагы жоопкерчилиги болушу керек.

Бирок ошого карабастан, Сооронбай Жээнбеков илдетти жуктуруу коркунучу дагы эле жогору экендигин кошумчалады.

«Баткенде көбөйдү, кээ бир райондордо көбөйүп жатат. Ошон үчүн бул коркунуч бар. Ошондуктан балдарыбыз үчүн жоопкерчиликти бардыгыбыз тең, ата-энелер дагы, мугалимдер дагы ала турган жооптуу учур келди. Бардыгы жоопкерчиликти алыш керек. Бардык эреже, нормаларды сактоо менен, балдарыбызга кам көрүүнү мурдагыдан дагы күчөтүүгө чакырам. Балдарыбыз бала да. Бала кээде унутуп коёт, ойнойт. Биздей жоопкерчиликтүү мамиле кыла албайт. Ошон үчүн балдарыбызга дагы эрежени үйрөтүшүбүз керек», — деп сөзүн жыйынтыктады  Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: