Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандарды парламенттик шайлоодо добуш сатпоого чакырды

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде жарандарды парламенттик шайлоодо добуш сатпоого чакырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө аны да ойлонткон, бардык Кыргызстандын келечегин ойлогон ар бир жарандын эң чоң маселеси — добуш сатуу маселеси болуп жатканын баса белгиледи.

«Эртең добуш берүү күнү, добуш сатпоого чакырат элем. Өзүнүн келечегин, балдардын келечегин, мамлекеттин келечегин ойлогон адам буга барбайт. Добуш сатуу деген бул эмне? Бул балдардын келечегине, мамлекеттин келечегине, өз келечегине балта чабуу менен барабар. Ал эми бул парламент 5 жыл иштейт. Бул биздин мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасири бар да. Негизги чечимдин баары, мыйзамдар ошол жерде кабыл алынат. Бул мамлекеттин келечегинин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошон үчүн жалпы мекендештеримди добуштарын сатпоого дагы чакырат элем», — деп өзгөчө белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле өзүнүн аппаратынын уюштуруу иштерине кийлигишүүсү минималдуу болгонун белгиледи. Мамлекет башчысы баса белгилегендей, ал өзү баш болуп, бүт мамлекеттик органдар, шайлоону өткөрүүгө жооптуу органдар, жергиликтүү бийлик шайлоого өзгөчө мамиле кылышты.

«Эң негизгиси, биз шайлоого катышып жаткан партияларга, талапкерлерге кийин элибиз барып добуш бергенге колдон келишинче шартты түздүк. Өкмөт өзү иш алып барып жатты. Биздин аппарат кайсы жерде кемчилик болуп жатса, ошол жерде „кемчилик бар экен“ деп айтып турду. Түздөн-түз аппарат киришкен жок. Бирок, экинчи жагы да бар. Шайлоо учурундагы, андан кийинки өлкөдөгү кырдаалга Президент жооптуу. Бул максатта аппарат ошол өз милдетин мыйзам алкагында аткарды», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Парламентте акыркы беш жылда алты партия отурганын, алардын баары кадрдык дайындоолорго таасир этишкенине токтолду.

«Бул эми көрүнүп турду да, бардыгы тең. Азыр мына Өкмөт, министрликтерде, жергиликтүү бийликте ушул бардык партиялардын тарапташтары, ушулардын кадрлары жок эмес, бар да, дайындалды да. Беш жылда жок дегенде ар партия, ар депутат өзүнүкүн дайындаса, алар отурат да жер-жерлерде. Бирок административдик ресурсту колдонууга чараларды көрүү боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин мамлекеттик бийлик тарабынан административдик ресурс колдонуу кескин төмөндөдү, мурункудай жок. Муну массалык маалымат каражаттарынан карап жатабыз, кайсы жерде кандай кемчилик болсо, аппаратым берип жатат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы 6-чакырылыштагы депутаттардын көпчүлүгү, айрымдары мурдагы эле партиянын курамында, башкалары жаңы партиялык курамдарда кайра парламентке аттанышканын кошумчалады.

«Мына ушундай шартта тигил же бул бир партиянын административдик ресурсту колдонууда үстөмдүк кылуусу мүмкүн эмес деп айтат элем. Ар кайсы облуста, шаарларда шайлоого аттанган 16 партиянын үстөмдүгү ар кыл болду. Мына ушунусу менен келе жаткан шайлоо жыйынтыгын алдын ала так кесе болжолдош мүмкүн эмес. Албетте, фавориттер болот, бирок ким жеңерин алдын ала болжолдоо мүмкүн эмес. Эртең урнаны ачканда билебиз. Мына мен айтып келе жатам, атаандаштык болгондо гана өнүгүү болот. Азыр саясий атаандаштыкка колдон келишинче шарт түзүп бердик. Бул жасалды десем болот. Буга чейин айткам, ушундай шартты экономикага дагы эркин атаандаштык болуусун түзүп бере алсак, анда бизде саясатта дагы жакшы, мыкты кадрлар келе баштайт. Экономикага атаандаштык түзүп берсек, экономикага дагы мыкты, билимдүү, тажрыйбалуу жана эң алдыңкы биздин ишкерлер чыга баштайт», — деп өзгөчө белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошентсе да башка өнүккөн өлкөлөрдүн баскан жолу көрсөтүп тургандай, дагы деле кыйынчылыктар бар экенин, дагы болорун белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков атаандаштык, ачык коом өлкөнү алдыга сүрөй турганына толук ишенерин, ошондуктан саясатта дагы, экономикада дагы атаандаштык болушу керектигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: