Menu

Республикалык штаб: Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында эпидемиологиялык абал боюнча терең иликтөө жүргүзүлөт

Бөлүшүү:

Ош, Жалал-Абал жана Баткен облусунда коронавирус инфекциясын жуктургандардын  саны көп болуп жаткандыгына байланыштуу эпидемиологиялык абал боюнча терең иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын бүгүн, 3-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Облустук штабдардын маалыматы боюнча, жер-жерлерде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоону көзөмөлдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Санитардык нормалардын, бет кап режиминин сакталышы боюнча коомдук тамактануучу жайларда, коомдук транспортто, соода борборлорунда жана базарларда рейддер жүргүзүлүүдө. Бирок шаарлардагы кафелерде тойлор жашыруун өткөрүлүп жатат. Буга байланыштуу Республикалык ыкчам штаб талаптарды аткарбаган ресторандарга катуу чара көрүлүп жатканын эскертет.

Жыйындын жүрүшүндө кавасаки синдрому боюнча дагы талкуу жүрдү. КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кавасаки синдрому биринчи жолу 1967-жылы Японияда катталган, Кыргызстанда балдар арасында бул синдромго кабылган бир дагы учур каттала элек. Бирок кавасаки синдрому боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп,  педиатрларга, үй-бүлөлүк дарыгерлерге керектүү методикалык жардамдар берилип, протоколдор түзүлдү.
Балдар ооруканалары штаттык режимде иштеп жатат. Жалпысынан республикада балдар үчүн 2 356 орун  каралган.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги менен облус жетекчилерине стационарларды даярдоо иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

«Күндүзгү стационарларды уюштуруу иштерин күчөтүү шарт. Бул жайлар ар кандай кырдаалдарга даяр болушу керек. Стационарлардын жылытуу системаларына дагы көңүл буруу зарыл», – деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Муну менен катар жыйында калкты сасык тумоого жана курч респиратордук инфекциялык ооруларга каршы эмдөө иштеринин жүрүшү дагы каралды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: