“Жеңилгендер үчүн эң жакшы жол – биригүү, ал эми жеңүүчүлөр үчүн эң жакшы жол – Өкмөттү түзүү жана бир аз оң өзгөрүүлөрдү камсыз кылуу” – деп билдирди экс-депутат Дастан Бекешев Facebook социалдык тармактагы баракчасына.
“Өзгөртүүлөрдү киргизүү кыйынга турат, айрыкча бюджет бош болуп, кризис күтүп турганда. “Биримдик” партиясы көпчүлүк коалициясын түзүп, ал өзүнүн премьер-министрин да көрсөтүшү керек. “Биримдиктен” Суракматов жакшы көрүнөт. Спкер “Мекеним Кыргызстандан” болушу ыктымал жана бул кызмат үчүн Мирлан Бакиров бар. “Кыргызстан” партиясы жардамчылардын ролуна түштү, б.а. вице-премьер-министрлер, вице-спикерлер, орун басарлар” – деп жазды экс-депутат.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-октябрда парламентик шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары бочого чектен (7%) өтүштү. Жетишерлик добуш албай калган партиялардын көбү шайлоонун жыйынтыгына макул эмеспиз деп, бүгүн “Ала-Тоо” аянтына митингге чыккан жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ