Menu

Өлкөдө дагы 207 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, ал эми илдеттен каза болгондор катталган жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-октябрга карата Кыргызстанда дагы 207 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 26, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 8, Ош облусунан – 34, Талас облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 46, Баткен облусунан – 75, Нарын облусунан – 1 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 47 635ке жетти.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 103 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 43 521ге жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 6 адам; Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан – 23, Ош облусунан – 36, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 2, Баткен облусунан – 13.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок. Буга чейин жалпысынан 1066 адам илдеттен улам көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: