Menu

“Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Республика” жана “Замандаш” партиялары бирикти

Бөлүшүү:

“Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Республика” жана “Замандаш” бирикти. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда “Ата Мекендин” лидери Жанар Акаев Опера жана балет театрынын алдында өтүп жаткан митингде билдирди.

Анын айтымында, алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышат.

“Биз биригишибиз керек эле. Тилекке каршы, бириге албай калдык, бирок азыр дагы кеч эмес. Ууруларга, контрабандисттерге, олигархиялык парламентке, кландарга жол бербеш үчүн бүгүндөн баштап, “Ата Мекен”, “Республика”, “Бир Бол”, “Замандаш” партиялары бириктик” – деди Жанар Акаев.

Ал шайлоо легитимсиз экенин, парламенттин иштешине жол бербей турганын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: