Бүгүн, 5-октябрда Ала-Тоо аянтында кечээки шайлоого нааразы болгон партиялар, алардын тарапташтары мөөнөтсүз митинг өткөрүп жатышат.
Алардын башкы талабы – шайлоону жокко чыгаруу, кайра таза шайлоо уюштуруу.
Митингчилердин алдына “Ата Мекен” саясий партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков чыгып, Токмоктон, Канттан жана Кегетиден атчандар келе жатканын айтты.
“Туугандар, азыр Токмоктон, Канттан, Кегетиден 200гө жакын атчандар бизди көздөй келе жатат. Боз үй, палатка тигебиз. Биз Украинадай “войнаны” баштайбыз” – деди Момбеков.
Ал шаардыктарды үйүнө отуруп карап турбастан, келип кошулууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ