Menu

ИИМ: Митингдин катышуучуларын атайын каражат колдонуу менен таратууга туура келди

Бөлүшүү:

Митингдин катышуучуларын атайын каражат колдонуу менен таратууга туура келди. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлиги “Ала-Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларын тынч тарап кетүүгө чакырган. Бирок, митингдин катышуучулары жана анын уюштуруучулары коомдук тартипти бузушуп, Чүй проспектисиндеги кыймылды бууганга аракет кылышты. Андан ары агрессивдүү түрдө Чүй проспектиси аркылуу кыймылды баштап, Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазасын сындырууга аракет кылышты. Таш ыргытышып, дарбазадан ашып кирүү аракеттерин жазашты.

Ошол себептүү жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды газ жана үн чыгаруучу атайын каражаттарды колдонуу жана суу бүрккөн автонууларды пайдалануу менен таркатууга туура келди.

ИИМ жарандардын ден-соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болоорун эскерткенбиз, бирок ошого карабастан алар коомдук тартипти бузууга барышты.

Акцияны уюштуруучуларды жана партиянын лидерлерин митингге катышкандарды үйлөрүнө толук таратып кетүүгө дагы бир жолу чакырабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: