Menu

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-октябрда эртең менен экс-депутат Равшан Жээнбеков Бишкектеги СИЗО-1ден бошотулганын анын уулу билдирди.

Эскерте кетсек, митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин, Алмазбек Атамбаев менен экс-депутат Садыр Жапаров бошотулган.

Кечээ, 5-октябрда, Ала-Тоо аянтында бир нече партиялардын митингдери болуп, ал башаламандыкка айланды. Андан кийин митинг ичи-тышы талкаланган “Ак үйдү” басып алуу менен аяктады.

Эсиңиздерге сала кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: