Кечээ, 5-октябрда күндүз ЖКнын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, эл Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, шайлоону тааныбай тургандарын, аны жокко чыгарып, кайра таза шайлоо уюштурууну талап кылышты. Кечинде митингчилер менен күч кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш агызуучу газ, суу, кулакты тундуруучу каражаттар колдонуп митингчилерди аянттан сүрүп чыгаруу аракети болду. Бирок, буга карабастан митингчилер Ак үйдү басып алып, 7-кабатка чейин кирип барышты.
Андан кийин митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылышып, аны чыгарышты. Элдин дагы бир бөлүгү түрмөдө жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду чыгарышты. Ал учурда Ала-Тоо аянтында.
Дагы бирөөлөр мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жаткан №27 колониясына барышкан. Таңкы саат 06:20да анын бошотулганы белгилүү болду.
Эске салсак, 9-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун кылмыш ишин кароону аяктады. Ал 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары, ал мамлекетке 247 миллион 650 миң 281 сом төлөп бериши керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ