Menu

Фото – Интернетте Алмазбек Атамбаевдин жана Сапар Исаковдун абактан чыккандан кийинки сүрөттөрү пайда болду

Бөлүшүү:

Социалдык түйүндөрдө эркиндикке чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү пайда болду. Мындай сүрөттү Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

“Алмазбек Шаршенович жалпы элге жалындуу салам жолдойт!” – деп жазган ал.

Ошондой эле, абактан бошотулган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун дагы жаңы сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.

Ошондой эле, абактан бошотулган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун дагы жаңы сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда күндүз ЖКнын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, эл Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, шайлоону тааныбай тургандарын, аны жокко чыгарып, кайра таза шайлоо уюштурууну талап кылышты. Кечинде митингчилер менен күч кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш агызуучу газ, суу, кулакты тундуруучу каражаттар колдонуп митингчилерди аянттан сүрүп чыгаруу аракети болду. Бирок, буга карабастан митингчилер Ак үйдү басып алып, 7-кабатка чейин кирип барышты.

Андан кийин митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылышып, аны чыгарышты. Элдин дагы бир бөлүгү түрмөдө жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду чыгарышты. Дагы бирөөлөр мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жаткан №27 колониясына барышкан. Таңкы саат 06:20да анын бошотулганы белгилүү болду. Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков , экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да эркиндикке чыкты. Митингчилер камакта жаткан мурдагы саясатчыларды бошотууну көздөп жатышат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: