Menu

Педагогикалык адистикте окуган студенттердин стипендиясынын өлчөмү 100%га көтөрүлдү

Бөлүшүү:

2020-жылдын 1-сентябрынан тартып КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 508 токтомунун негизинде  орто жана жогорку окуу жайларда педагогикалык кесиптер боюнча окуп жаткан студенттерге стипендиянын өлчөмү 100% көбөйтүлдү. Бул тууралуу кечээ, 5-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, стипендиянын көлөмүнүн көбөйүшү орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын педагогикалык адистиктерине тапшырууга түрткү берет жана  мектептерди, биринчи кезекте айыл жериндеги педагогикалык кадрлар менен камсыз кылууну жакшыртат.

Студенттер үчүн стипендиянын өлчөмү:

– жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларында жогорулаганга чейин – 800 сом, көтөрүлгөндөн кийин – 1 600 сом;

– орто кесиптик билим берүүчү мекемелеринде жогорулаганга чейин – 720 сом, жогорулагандан кийин – 1 440 сом.

Студенттердин стипендиясын 100%га көбөйтүүгө 2020-жылдын 4 айына  10 817,6 миң сом талап кылынат. Тиешелүү акча каражаты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: