Menu

“Саяк” аттуу кримавторитет “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалын басып алганы айтылууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-октябрда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалын басып алышты. Уюмдун жетекчилиги Ички иштер министрлигине, УКМКга жана жаңы Координациялык кеңешке билдирүү жөнөткөн.

Алардын айтымы боюнча, саат 15:00 чамасында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече филиалын 100гө жакын белгисиз басып алышкан.

“Колдо болгон маалыматтарга караганда, көмүр кенине кол салуу жана басып алуу “Саяк” каймана аты бар криминалдык авторитет М.Кадыркулов тарабынан уюштурулган. Кол салгандар кассанын кызматкерлеринен жарым миллион сомдон ашык акчаны тартып алышкан. Ошондой эле алар филиалдын директорунун, башкы инженерди кызматтан кетүү боюнча арызын жаздыртып, жетекчиликти алмаштырууну талап кылышкан. Ошол эле учурда, көптөгөн автоунаалар документсиз, каттоосуз кетип жаткандыгы белгиленди.

Калкты, ири өнөр жай ишканаларын жана Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун камсыздоо үчүн көмүр продуктуларынын басып алынышы 2020-2021-жылытуу мезгилине терс таасирин тийгизет” – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: