Menu

Мурунку бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов абактан бошотулду

Бөлүшүү:

Бажы кызматынын мурунку кызматкери Эмилбек Кимсанов СИЗО-50дөн бошотулду. Маалыматты анын адвокаттары тастыкташты.

Алардын айтымында, ал бүгүн митингдин катышуучуларынын алдында бошотулган. Кимсановду кандайча тосуп алгандыгы жөнүндө видеотасма социалдык тармактарда пайда болду.

Эмилбек Кимсанов жана ММА чемпиону Төлөгөн Рахманберди уулу Молдомуса Конгантиевдин уулун сабады деп шектелген.

2020-жылы февралда мурунку бажы кызматкери камакка алынып, кийин бошотулуп, ал өлкөдөн чыгып кеткен. Ал Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилген.

Кимсанов өзү камакка алынышы Райымбек Матраимовго байланыштуу бажыдагы коррупциялык схемалар жөнүндө чындыкты айткандыгына байланыштуу деп бир нече жолу билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: