Menu

Uzbekistan airways Орусиянын шаарларынан кошумча чартердик каттамдарды аткарат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Uzbekistan Airways улуттук авиакомпаниясы 9-10-октябрь күндөрү Орусиянын Казан жана Самара шаарларынан Ташкентке кошумча чартердик каттамдарды аткарат.

Маалыматка караганда, жума күнү саат 9:00дө Казандан учкан учак Ташкентке 14:30да келет. Экинчи учак Самарадан ишемби күнү саат 11:20да чыгып, Ташкентке 15:25те жетет.

«Аталган шаарлардан Ташкентке учуп келүүнү каалаган Өзбекстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын жарандарынан акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган, коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тесттин жыйынтыктары талап кылынат. Мындай кагазы жол жүргүнчүлөр каттамдарга киргизилбейт», — деп жазылган авиакомпаниянын билдирүүсүндө.

Буга чейин 1-октябрдан тартып Өзбекстанга авиа, темир жол жана кара жол аркылуу «санитардык-гигиеналык, карантиндик чараларды катуу сактоо менен» кирүүгө уруксат берилгени кабарланган.

Өзбекстан коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында 16-марттан тартып бардык эл аралык аба каттамдарын токтоткон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: