Menu

Атамбаевдин тарапташтары “Форумдун” алдына чогулуп жатышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте “Форумдун” имаратынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулууда.

Учурда ал жакта “Кыргызстан социал-демократтары” партиясынын мүчөлөрү Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев бар. Молдовановка айылындагы колониядан бошотулган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, УКМКнын коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев жана президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязовдо да келишкен.

Алар митингге катышуу үчүн Ала-Тоо аянтына барууну көздөп жатабы деген суроого Темирлан Султанбеков азырынча белгисиз деп жооп берди.

Белгилей кетсек, имаратка 100дөй адам чогулуп, адамдар дагы деле келип жатат.

Имараттын алдында иш-чара баштала элек. Фарид Ниязов журналисттерге билдиргендей, анда экс-премьер-министр Сапар Исаковдун сөз сүйлөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: