КР Улуттук банкынын расмий сайтында жайгаштырылган КР Улуттук банкынын маалыматтык билдирүүсүнө ылайык өлкөнүн финансылык-банктык секторунун коопсуздугун жана финансылык-насыялык уюмдардын активдеринин сактыгын камсыз кылуу максатында коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-насыялык уюмдар өз ишин токтотуп, өлкөбүздө саясий абал турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталган. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Коммерциялык банктардын ишинин токтошуна байланыштуу товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүү убактылуу токтотулду.
КР мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктунан тартып бажылык тариздөө жайына чейин бажы транзити бажы жол-жобосуна жайгаштырылган бажы операциялары бажы иши жаатындагы КР жана Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык мурдагы режимде ишке ашырылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ