Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Ата-Мекенчилер” Нарындагы кызматтардын баарын басып алып жатышат, жадагалса аскердик бөлүктүн командирин да атамекенчилер алмаштырышты”

Бөлүшүү:

“Чын-чынына келгенде быйылкы парламенттик шайлоодо “Ата-Мекен” аз добуш алып калды. Мурун атамекенге добуш берип жүргөн шайлоочулар да быйыл аларга добуш беришкен жок. 20 жылдан бери элди алдап жүрүп, атамекенчилер ишенимден чыгышты. Айрыкча революциялардан кийинки мародерчулуктары элдин көңүлүн калтырды. Эми “жеңилген күрөшкө тойбойт” дегендей атамекенчилер жеңилгенин моюнга албай жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 7-октябрда Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Нарындын эли адатта “Ата-Мекен” менен СДПКга добуш берчүбүз, быйыл бул эки партияга аз добуш берилди. Ошого карабай “Ата-Мекен” партиясы Нарында мамлекеттик кызматтарды басып алып жатышат. Жадагалса аскердик бөлүктүн командирин да атамекенчилер алмаштырышты. Телевизор карап олтурсак “Манас” аэропортунун президенттик кызматын басып алууга да “Ата-Мекенден” бир очкичен кыз барганын көрдүк. Басып алуу жагынан Текебаевден сабак алган Шыкмаматов Генпрокурордук кызматты барып басып алды эле, “Чоң казат” партиясы барып аны кууп чыгып, ордуна Сыймык Жапыкеевди дайындагандан кийин Шыкмаматов башкача сайрап калды. “Ата-Мекенге” кызмат, анан акча эле керек экен. Элди ойлогон эч ким жок”, – деди Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: