Menu

Сардаба ишине байланыштуу 17 киши айыпталууда

Бөлүшүү:

Сардаба суу сактагычындагы дамбанын жарылышы боюнча айыпталган кишилердин саны 17ге жетти.

Өзбекстандын Антикоррупциялык агенттигинин маалыматына караганда, айыпталуучулардын жетөө камакка алынды, алтоо күрөөгө, дагы төртөө эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизине бошотулду.

Айыпталуучулардын арасында суу сактагычты долбоорлогон, курулушка буйуртма берген жана курулуш иштерин аткарган компаниялардын кызматкерлери жана Суу чарба министрлигинин жооптуу аткаминерлери бар.

Антикоррупциялык агенттик дамбанын жарылышына күнөөлүү кишилерди аныктоо менен катар келтирилген чыгымдарды жабуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Быйыл июль айында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул окуядан кийин тогуз киши камалганын маалымдаган.

Сардаба суу сактагычынын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Аны куруу боюнча демилге Өзбекстандын азыркы президенти, ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевге таандык. Дамбанын курулушуна мамлекеттин бюджетинен 404,4 млн. доллар сарпталган.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы быйыл 1-майда жарылып, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миң адам эвакуацияланган.

Эксперттер дамбанын жарылышына тармактагы коррупция – аны курууда бетон жана башка курулуш материалдары уурдалганы себеп болгон деп эсептешет.

Сардаба суу сактагычына 922 миллион куб метр суу батат. Суу сактагычтын бийиктиги 28,8 метр.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: