Menu

Аянтта эски саясатчыларга каршы митинг өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болушуна каршы митинг болуп жатат. Ага «Реформа» саясий партиясынын өкүлдөрү, «Баштан башта» кыймылынын мүчөлөрү баштаган бир нече саясий топ катышууда.

Митингде сөз сүйлөгөндөр «өкмөт башчылыкка мурдагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү эмес, таза, адилет, ачык-айкын иштей турган жаш лидерлер келсин» деп талап кылышууда. Активист Улан Үсөйүн чогулгандарга модераторлук кылып жатат.

«Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Акматбек уулу:

«Бардык саясий тараптарды чакырып, кеңешип иш кылышсын. Жең ичинен сүйлөшпөй, ачык-айкын аракеттерди жасашсын. Азыр эл билбеген бийликти орнотууга аракет кылышууда. Маселе бир кишиде эмес, өлкөбүз үчүнчү жолу революция жасап, кайра эски жолго түшүп жатабыз. Коом өзгөрүү жолуна түшөт деп ойлогонбуз. Элдин үмүтүн бир ууч топ менчиктеп алды», – деди.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушту. «Достук» мейманканасында чогулган бир нече депутат катышкан жыйынга VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: