Menu

Садыр Жапаров кримавторитет Камчы Көлбаев менен байланышын четке какты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-октябрда “Мекенчил” партиясынын штабында Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрдү.

Анда Садыр Жапаровго криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен байланыш барбы деген суроо берилди. Ага Жапаров “Менин Камчы Көлбаев менен эч кандай байланышым жок” деп жооп берди.

Саясатчы ошондой эле кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары кысымга алынып, анын премьер-министрликке талапкерлигин карагандыгын четке какты.

“Кечээки парламенттин жыйыны ачык өттү. Ал жерде журналисттер бар болчу. Эч кандай кысым болгон жок, аны бары көрүштү” – деди Жапаров.
Белгилей кетсек, кечээ, “Достук” мейманканасында парламенттин чукул жыйынында айрым депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып шайлаган. көпчүлүк журналисттер жыйын болгон залга киргизилген эмес. Маселени кароодо “Достук” мейманканасынын жанында митинг болгон. Агрессивдүү жаштар аларды жолугушууга киргизүүнү талап кылып, терезелерге таш ыргытышкан.

Бүгүн жаш саясатчы Тилек Токтогазиев премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: