Menu

Парламент депутаттары жашыруун жерге чогулуп, премьер-министрди бекитүүгө ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Премьер-министрди бекитүү үчүн азыркы чакырылыштагы депутаттар чогулуп, чечим кабыл алышы керек. Кечээ муну жасоого мүмкүн болгон жок, Садыр Жапаровду дайындоо зарыл кворумсуз өттү.

Жанар Акаев жана Эльвира Сурабалдиева депутаттар коопсуздук максатында жашыруун жерге чогулушууга ниеттенип жатышканын айтышты. Алар кесиптештерин коркпоого жана келүүгө үндөштү. Ошол эле учурда, алар социалдык тармактарда эфирге чыгып, жыйынды эл көрө алышы үчүн шарт түзөрүнө убада беришти.

“Кесиптештер, келгиле, бизге кворум керек” – деди Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, кечээ, “Достук” мейманканасында парламенттин чукул жыйынында айрым депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып шайлаган. көпчүлүк журналисттер жыйын болгон залга киргизилген эмес. Маселени кароодо “Достук” мейманканасынын жанында митинг болгон. Агрессивдүү жаштар аларды жолугушууга киргизүүнү талап кылып, терезелерге таш ыргытышкан.

Бүгүн жаш саясатчы Тилек Токтогазиев премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: