Бүгүн, 7-октябрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов кызмат ордуна кайтып келди. Түштөн кийин депутат Дүйшөн Төрөкулов анын ордун ээлөөгө ниеттенген. Кийинчерээк анын ою ишке албай калганы белгилүү болду.
Байыш Юсупов журналисттердин суроолоруна жооп берип, алар Садыр Жапаровго баш ие турганын билдирди.
“Биз Садыр Жапаровго баш иебиз. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилгендиктен, биз баш ийишибиз керек. Анан дагы кимге баш ийебиз, эгер Боронов кызматтан кетсе?” – деди облус башчысы.
“Кара-Сууда азырынча аким жок. Ал жерде аким Тилек Матраимов болгон. Кечээ эл өз акимин дайындады, бирок биз мыйзамды сакташыбыз керек. Бирок премьер-министрден буйрук болбосо дагы, ал азыр иштейт.
Тилек Матраимов ден-соолугуна байланыштуу жумуш өргүүсүнө чыккан, ошондон бери анын жүргөн жери жөнүндө бизде маалымат жок. Биз ал менен байланыша албай жатабыз. Ошондуктан, анын орун басары Капар Абдиев бул кызматка киришти. Акимдин ордун ээлегиси келген Руслан Маматов жоопко тартылат.
Бүгүн мен бардык маселелерди чечүүгө үлгүргөн жокмун. Эртеңден баштап бардыгын өз нугуна салуу үчүн иштеп баштайм. Мен укук коргоо органдары менен байланышам” – деп билдирди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ