Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков саясий диалогго даярдыгы тууралуу: Азыркыга чейин кырдаалды жөнгө салууну сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтчаны тараптардын эч кимиси сунуштай элек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим,

Айрым саясий күчтөрдүн аракеттеринен улам өлкө азыркы саясий туңгуюкка кептелгенине мына 3 күн болду.

Бардык кыргызстандыктардын жүрөгү ооруп турат.

Ушул кырдаалдын чечилишин талап кылып жатканыңарды толук түшүнөм.

Президент катары ушул абалдан тезирээк чыгууга болгон күч-аракетимди жумшап жатам.

Ушул максатта ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатам.

Урматтуу саясий күчтөрдүн жетекчилери, азыркы саясий туңгуюк абалдан чыгуу үчүн менден, Президент катары талап кылынчу кадамдарга даяр экенимди дагы бир ирет бидирем.

Бирок, кырдаалды жөнгө салуу милдетин алам деген тараптардан сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча  сунуштала элек.

Азыркы учурдагы кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл.

Ал үчүн, сиздер билгендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына кол коюшум үчүн парламент кадрдык дайындоолор жөнүндө тиешелүү токтомдорду киргизиши керек.

Азыр пайда болгон саясий туңгуюктан өлкөнү алып чыгуу үчүн ушул расмий документтер зарыл.

Урматтуу мекендештерим, сиздердин сабырдуулугуңуздарга таазим этем. Ошону менен катар саясий күчтөрдөн конкреттүү иштиктүү кадамдарды күтөм.

Жараткан өзү жар болуп, элибиз аман, жерибиз тынч болсун».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: