Menu

Аида Касымалиева: “Сооронбай Жээнбеков – Менин президентим. Сөзсүз түрдө укуктук талаага кайтып келебиз”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-октябрда депутат Аида Касымалиева учурдагы кырдаалга жана Президент Сооронбай Жээнбековго арналган пост жарыялады.

«Мен чоң саясатка Сооронбай Шариповичтин командасында келгем. 2017-жылы парламентке келгенде ал өлкөнүн премьер-министри болуп, биз чогуу иштеше баштадык.

Сооронбай Шарипович президент болгондон кийин жаман жагына өзгөргөн жок. Ошол эле боорукер, жеткиликтүү, жөнөкөй, ойчул, ыймандуу, эмгекчил жана жоопкерчиликтүү бойдон калды.

Мен акылыма, сезимиме жана интуицияма ишенем. Калганы саясат ”, – деп жазган ал.

Аида Касымалиева кара пиарга ишенбей тургандыгын кошумчалады.

“Сооронбай Шарипович Жээнбеков менин президентим. Ал элдин президенти. Сөзсүз түрдө укуктук талаага кайтып келебиз. Мамлекеттин бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн сактайлы”, – деди Касымалиева.

https://www.facebook.com/aida.kasymalieva/posts/10220120209367978

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: